Жарыя

                  Сайдыкум айыл өкмөтү конкурс жарыялайт!!!

Ички кадрлар резервине кирүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:

1) административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:

– жогорку же орто кесиптик билими (ар кандай  профилдеги);

– иш стажына талаптар жок; 

2) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

– жогорку билим (башка профилдеги);

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан бир жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) администрациялык кызмат орундарынын башкы тобуна:

– жогорку билим (башка профилдеги);

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 3 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан  кем эмес иш стажы;

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат, алар  тез тигүүчүгө тигилет  (дело №):

– муниципалдык кызматтын тобун көрсөтүү менен жеке арызы;

– резюме (электрондук почта менен);

– өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

– нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо ) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариус  же акыркы иштеген жери боююнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

– паспорт көчүрмөсү;

Эскертүү: Ачык сынакка андан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга жооп берген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так болушу керек. 

Документтер 2025-жылдын 10-ноябрдан  21-ноябрь  саат 17:30 га чейин Сайдыкум айыл өкмөтү, Кызыл-Ай айылы, С. Досов көчөсү № 151-б  дареги боюнча кабыл алынат. 

Кошумча маалымат үчүн: тел. 0998759375

электрондук адрес:  saidykum151@gmail.com