ЖарыяСайдыкум айыл өкмөтү конкурс жарыялайт!!!Ички кадрлар резервине кирүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:1) административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:

  • жогорку же орто кесиптик билими (ар кандай профилдеги);
  • иш стажына талаптар жок;
    2) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
  • жогорку билим (башка профилдеги);
  • мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан бир жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
    3) администрациялык кызмат орундарынын башкы тобуна:
  • жогорку билим (башка профилдеги);
  • мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 3 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;
    Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат, алар тез тигүүчүгө тигилет (дело №):
  • муниципалдык кызматтын тобун көрсөтүү менен жеке арызы;
  • резюме (электрондук почта менен);
  • өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
  • нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо ) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • нотариус же акыркы иштеген жери боююнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
  • илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
  • паспорт көчүрмөсү;
    Эскертүү: Ачык сынакка андан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга жооп берген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так болушу керек.
    Документтер 2025-жылдын 28-ноябрдан 07-декабрь саат 17:30 га чейин Сайдыкум айыл өкмөтү, Кызыл-Ай айылы, С. Досов көчөсү № 151-б дареги боюнча кабыл алынат.
    Кошумча маалымат үчүн: тел. 0998759375
    электрондук адрес: saidykum151@gmail.com