You are currently viewing Айыл чарба багытындагы жер тилкелерин ижарага берүүгө конкурс жана аукцион

Айыл чарба багытындагы жер тилкелерин ижарага берүүгө конкурс жана аукцион

Акман айыл өкмөтүндө 2026-жылы пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилген айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүгө конкурс жана аукцион жарыяланат.

Ижарага берилүүчү жер тилкелери төмөнкү айылдарда жайгашкан:

  • Аркалык
  • Кызыл-Ай
  • Чоң-Курулуш
  • Турпак-Коргон
  • Дөш
  • Жаңы-Абад

Жалпы ижарага берилүүчү жер аянты: 51,1 гектар, анын ичинен:

  • сугат жерлер — 51,1 га
  • конкурс жана түз берүү жолу менен — 25,5 га
  • аукцион аркылуу — 10 жер тилкеси

Конкурстун жана аукциондун шарттары:

  • Жер тилкелери айыл чарба багытында, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуучу өсүмдүктөрдү өстүрүү максатында пайдаланылат;
  • Конкурс жана аукцион Базар-Коргон райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан өткөрүлөт;
  • Конкурс жана аукцион жарыя берилген күндөн тартып 30 күндөн кийин өткөрүлөт.

Өткөрүлө турган жери:
Базар-Коргон райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын имараты.


Кошумча маалымат алуу үчүн:

Базар-Коргон райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылсаңыздар болот.