Сайдикум айыл өкмөтүндө 2026-жылы пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилген айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча конкурс жарыяланат. ЖАРЫЯ Сайдикум
Конкурска коюлган жер тилкеси Базар-Коргон районуна караштуу Сайдикум айыл аймагындагы Чоң-Курулуш участогунда жайгашкан.
Жер тилкесинин маалыматы:
- Контур №138
- Жалпы аянты: 5,0 га
- Сугат жер: 5,0 га
- Айыл чарба багытындагы жер
Жер тилкеси айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында пайдаланууга берилет.
Конкурс өткөрүү мөөнөтү:
Жарыя жарыяланган күндөн тартып 30 күндөн кийин өткөрүлөт.
Өткөрүлүүчү жери:
Базар-Коргон райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын имаратында.
Кошумча маалыматтарды жана конкурс шарттарын Базар-Коргон райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан алууга болот.